Мугалимдер күнү менен!
Мугалим «Мөмөлүү дарак» демекчи келечек муундардын устаты. Ар бир кесиптин ээсин тапкан даанышман. Эненин ыйыктыгын сезген адам мугалимдин ким экенин сезе билет. Бар болуңуздар биздин сүйүктүү эжей-агайларыбыз!
Мугалим бул бир мөмөлүү дарактай,
Тамырында билим суусу аккандай.
Табиятты жаш муунга таанытып,
Талбастыгы ташка тамга баскандай.
Бүт дүйнөнү тааныткан карегимсиң,
Мугалим сен экинчи энекемсиң.
Келечек муундардын ачкан жолун,
Шам чырактай өчпөй турган келечексиң.
Комментарии