Акматылдаева Жылдыз Жанышовна

Англис тил мугалими

Акматылдаева Жылдыз Жанышовна, 1987-жылы 26-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунун Шабдан Ата айылында жумушчунун уй булөсүндө туулган.

1995-жылы  Шабдан Ата орто мектебине биринчи класска кирип , мектепти 2006-жылы жакшы баа менен аяктаган. Ошол эле жылы билим алууну улантуу максатында, борбордогу Кыргыз Мамлекеттик университетинин дуйнолук тилдер институнун англис тили факультетине тапшырган. 2011-жылы жогорку окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган. 2012-жылы Чон-Кемин өрөөнүндөгү «Билимкана» жеке билим беруу мектебинде иштеген. Чым-Коргон мектебинде  2013-2016-жылга чейин ийгиликтуу иштеп жыл мугалими конкурсунун женичуусу аталып «билим данкы» тош белгисин алган. Азыркы учурда Кемин районундагы Ө. Конурбаев атындагы Самансур орто мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенип жатат. Бир уулдун энеси.