Алыбек кызы Анаркул

Математика мугалими

Алыбек кызы Анаркул 27.05.1990 Нарын облусунун Атбашы районунда туулган. 2011-жылы Ысыккөл Индустриалдык-педагогикалык колледжинин «Башталгыч класстарды окутуу» бөлүмүн аяктап, 2016-жылы Нарын Мамлекеттик Университетинин «физика-математикалык билим берүү» бөлүмүн аяктаган. Эмгек жолун 2011-жылы Чым коргон орто мектебинен баштап, 2016-жылдан бери Ө.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинде математика мугалими болуп иштеп келет.