Молдокулова Акилима Каналбековна

Директор

Молдокулова Акилима Каналбековна , 1966-жылы 25-декабрда Кемин өрөөнүнө караштуу Самансур айылында колхозчунун үй -бүлөсүндө туулган. 1973-жылы Самансур сегиз жылдык мектебинин биринчи классына кирип, 1981-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Нарын педагогикалык окуу жайына тапшырып, 1985-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Самансур сегиз жылдык мектебинин башталгыч классынын мугалими болуп иштеп баштаган. 1990-жылы И.Арабаев атындагы КМПИ тапшырып, педагогика жана башталгыч класстардын методикасы адистиги боюнча институттун толук курсун 1994-бүтүргөн. 2001-жылы тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 2005-жылдан, 2017-жылдар аралыгында окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары милдетин аткарып иштеген. 2021-жылдан баштап Өмурзак Конурбаев атындагы Самансур орто мектебинин директору кызматын аркалап келет. Үй — бүлөлүү үч уулдун апасы.